Кыргызстан менен Түркия киберкылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшөт

Коом 243 06 Июль 2026 09:50
739620949_2188318275281460_8404837267499035239_n.jpg
739983647_2052154762005546_2239620015077283960_n.jpg
740628629_1399321805348502_9029349527370603281_n.jpg
Алдыга
Артка
739620949_2188318275281460_8404837267499035239_n.jpg
739983647_2052154762005546_2239620015077283960_n.jpg
740628629_1399321805348502_9029349527370603281_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ИИМ

Бишкек, 06.07.26 /Кабар/. Кыргызстан менен Түркия коопсуздук жана киберкылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташууну күчөтөт. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, маселе күн мурун Анкара шаарында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен ИИМдин Түркиядагы өкүлү Манас Аманбаевдин Түркиянын ИИМинин Коопсуздук башкы башкармалыгынын жаңы дайындалган башчысы Али Фидан менен жолугушуусунда талкууланды.

Анда тараптар эки мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, жарандардын укуктарын коргоо жана укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүдө кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду. КР ИИМдин кызматкерлерин Түркияда окутууну улантуу, ошондой эле киберкылмыштуулукка, экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча биргелешкен билим берүү программаларын кеңейтүү макулдашылды.