Кыргызстан менен Түркия биргелешкен кинодолбоорлорду ишке ашырат

Маданият 22 Декабрь 2025 12:06
603869597_1164988692459552_5513994588325815074_n.jpg
603915972_1164988679126220_6339485184631069420_n (1).jpg
603914586_1164988699126218_2514640360171173558_n (1).jpg
Алдыга
Артка
603869597_1164988692459552_5513994588325815074_n.jpg
603915972_1164988679126220_6339485184631069420_n (1).jpg
603914586_1164988699126218_2514640360171173558_n (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 22.12.25. Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин Кинематография иштери боюнча департаментинин башкы директору Бирол Гювен менен жолугушту.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу Түркиянын Анкара шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин жалган маалыматтарга каршы күрөшүү форумунун алкагында орун алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кинематография жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, биргелешкен кинодолбоорлорду ишке ашыруунун келечегин, ошондой эле аудиовизуалдык контент аркылуу түрк элдеринин маданий жана тарыхый мурастарын илгерилетүү маселелерин талкуулашты.

Позитивдүү маалыматтык мейкиндикти калыптандырууда, гуманитардык байланыштарды чыңдоодо жана азыркы шарттарда туура эмес маалымат чакырыктарына каршы турууда киноиндустриянын ролуна өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасында мындан ары да Түркия Республикасынын кино күндөрүн, Түркия Республикасында Кыргыз Республикасынын кино күндөрүн өткөрүүнү улантуу макулдашылды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын профилдик ведомстволорунун ортосундагы өз ара аракеттешүүнү мындан ары тереңдетүүгө жана практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.