Кыргызстан менен Түркия аймактар аралык байланышын бекемдөөдө

Коом 447 30 Июль 2026 17:00
8ccfb823-82f5-34e3-bf32-ccf3675fc40a.jpeg
0ec70028-1f3c-36c7-9df6-7483edf6dfe2.jpeg
6d763bce-2df7-3a49-b273-2aa1c051fefb.jpeg
a146e1d7-535d-33a3-bc8f-e1d536ef107c.jpeg
e70549c3-fda5-38bb-892a-f42d6aca217c.jpeg
Алдыга
Артка
8ccfb823-82f5-34e3-bf32-ccf3675fc40a.jpeg
0ec70028-1f3c-36c7-9df6-7483edf6dfe2.jpeg
6d763bce-2df7-3a49-b273-2aa1c051fefb.jpeg
a146e1d7-535d-33a3-bc8f-e1d536ef107c.jpeg
e70549c3-fda5-38bb-892a-f42d6aca217c.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon ТИМ

Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Чорум провинциясынын губернатору Али Чалган жана шаар мэри Халил Ибрагим Ашгын менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Чорум провинциясынын ортосундагы аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, билим берүү, туризм жана ишкердикти колдоо багыттарында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурушту.

Ошондой эле боордош шаарлар жана аймактар ортосунда түз байланыштарды түзүү, тажрыйба алмашуу жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Чорум провинциясынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экендиги белгиленди.