Кыргызстан менен Түндүк Македония маданият тармагында кызматташат

Маданият Загрузка... 20 Февраль 2026 17:50
639058366_1211228004502287_3102801651444515822_n.jpg
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 20.02.26 /Кабар/. Кыргызстан менен Түндүк Македония маданий кызматташтык боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Атап айтканда, А.Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театры менен аталган өлкөнүн Прилеп шаарындагы “Estrada Multimedia Center” медиа жана музыкалык чыгармачылыкты колдоо борбору менен келишим түздү. Документ 5 жылдык мөөнөткө эсептелип, автоматтык түрдө узартылат.

Анын алкагында опералык, хордук жана балет искусствосун өнүктүрүү, гастролдор, концерттер, фестивалдар жана биргелешкен спектаклдер уюштурулат. Режиссёрлор, дирижёрлор, солисттер, хор жана балет артисттери биргелешкен долбоорлорго тартылат.

Ошондой эле мастер-класстар, стажировкалар, окутуу программалары, адистердин квалификациясын жогорулатуу, илимий изилдөөлөр жана автордук укуктарды сактоо менен спектаклдерди теле‑жана радио аркылуу берүү да каралган.