Кыргызстан менен Тажикстан ТИМ башчылары эки өлкөнүн ортосундагы маанилүү маселелерди талкуулашты — Кабар

Кыргызстан менен Тажикстан ТИМ башчылары эки өлкөнүн ортосундагы маанилүү маселелерди талкуулашты

Саясат 30 июнь 2025 19:08
FB_IMG_1751288854121.jpg
FB_IMG_1751288856247.jpg
FB_IMG_1751288859210.jpg
FB_IMG_1751288862155.jpg
FB_IMG_1751288866895.jpg
FB_IMG_1751288871487.jpg
FB_IMG_1751288874768.jpg
FB_IMG_1751288877525.jpg
FB_IMG_1751288881783.jpg
FB_IMG_1751288883162.jpg
FB_IMG_1751288887540.jpg
FB_IMG_1751288890226.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1751288854121.jpg
FB_IMG_1751288856247.jpg
FB_IMG_1751288859210.jpg
FB_IMG_1751288862155.jpg
FB_IMG_1751288866895.jpg
FB_IMG_1751288871487.jpg
FB_IMG_1751288874768.jpg
FB_IMG_1751288877525.jpg
FB_IMG_1751288881783.jpg
FB_IMG_1751288883162.jpg
FB_IMG_1751288887540.jpg
FB_IMG_1751288890226.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. 30-июндан 1-июлуна чейин Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин расмий сапар менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Расмий сапардын алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын ТИМ башчылары Жээнбек Кулубаев менен Сирожиддин Мухриддиндин жолугушуусу өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик кызматташуусунун саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык диалогдун артыкчылыктуу багыттарын камтыган маселелер талкууланды. Бул жаатта 2025-жылдын март айында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.

Тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча пикир алмашып, БУУ, КМШ, ЖККУ жана башка көп тараптуу форматтардын алкагындагы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулады.

Министрлер Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимдин тарыхый маанисин дагы бир ирет баса белгилешти. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процессинин жыйынтыкталышы туруктуу тынчтыкты, жакшы коңшулук мамилелерди жана аймактык туруктуулукту камсыз кылууга негиз болору айтылды.

Сүйлөшүүлөрдүн учурунда жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги ишенимге негизделген диалогду бекемдөөнүн зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун быйыл Тажикстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.