Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы тарыхый келишимге кол коюлду

Саясат Загрузка... 13 Март 2025 16:57
WhatsApp Image 2025-03-13 at 13.48.20.jpeg
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы тарыхый келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Түркиянын “TRT Clobal” басылмасы жазды.

Басылма жазгандай, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 980 чакырымдай узундуктагы жалпы чек аранын талаштуу тилкелери боюнча дээрлик 23 жылдык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы болгон мамлекеттик чек ара боюнча келишимге кол коюшту.

"12-мартта башталган Тажикстандын президентинин мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкектеги “Ынтымак Ордо” резиденциясында кол коюу аземи өттү.

Расмий аземден кийин мамлекет башчылары делегациялардын катышуусунда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Соода-экономикалык кызматташуу маселелери талкууланып, өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү 500 миллион долларга жеткирүү үчүн өкмөт башчылардын жетекчилиги астында Өкмөттөр аралык кеңеш түзүү чечими кабыл алынды.

Садыр Жапаров келишимге кол коюуну эки мамлекеттин гана эмес, бүтүндөй аймактын коопсуздугуна жана туруктуулугуна чоң салым кошо турган тагдырлуу окуя деп атады.

Ал эки тараптуу жаңы документтер ишенимди жана жакшы коңшулук мамилелерди бекемдей турганын, Кыргызстан Тажикстан менен достук байланыштарды өнүктүрүүнү тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири катары карай турганын баса белгиледи.

Өз кезегинде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик мамилелери достуктун жана кызматташтыктын көп кылымдык салттарына негизделгенин белгиледи.Кол коюлган келишим мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоого бекем пайдубал түзөрүн жана эки өлкөнүн өз ара аракеттенүү тарыхынын жаңы барагын ачарын баса белгиледи.

Белгиленгендей, маанилүү чечимдердин бири Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 2021-жылы токтотулган үзгүлтүксүз аба каттамдарын жандандыруу болду.

Эмомали Рахмон билдиргендей, 14-марттан тарта Душанбе-Бишкек жана Бишкек-Ходжент багыттары боюнча каттамдар башталат. Автобус каттамдарын калыбына келтирүү да каралууда.

Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар “Кайрагач” (Лейлек району) жана “Кызыл-Бел” (Баткен району) өткөрүү пункттарын ачууну макулдашты, алардын иши 13-марттан тарта эки өлкөнүн жетекчилеринин катышуусунда онлайн форматта улантылды.

Келишимге кол коюуга даярдык жогорку деңгээлде жүргүзүлдү",-деп жазылат басылманын маалыматында.

Эске салсак, 21-февралда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитеттеринин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов Бишкекте чек аранын жалпы тилкесин делимитациялоо боюнча протоколго кол коюшкан, анда бирдей аймактарды алмашуу каралган. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо 2002-жылдан бери уланып, бир нече жолу чек ара жаңжалдарына, анын ичинде куралдуу кагылышууларга себеп болгон.

Акыркы ири окуя 2022-жылы күзүндө болгон, анда салгылашуулар курмандыктарга жана кыйроого алып келген.