Тарыхый жыйынтыкка жеткирген чындыктар. Камчыбек Ташиев чек ара сүйлөшүүлөрүн ачыктады

Аналитика Загрузка... 20 Март 2025 16:12
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 19-мартта Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо маселеси боюнча толук маалымат берди. Анда тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын жана кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоонун жыйынтыгын ачыктады.

Буга чейин чек ара боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрдүн жабык жүрүп жатканы коомчулукту, өзгөчө “ура-патриотторду” жана учурдагы бийликти ишинен кыйкым издегендердин тынчын алып келген. Алардын ою боюнча кыргыз тарап кыргыз жерлерин тажиктерге жөн эле берип жатышат деп, ар кандай чагымчыл аракеттерди жасап келишкен. Бүгүнкү күнгө чейин деле аларда ишенбестик бар эле.

Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек аранын чечилиши боюнча комментарий бергенде: “Чек ара түбөлүккө чечилди. Бүттү, эки тараптын кызыкчылыгы теңме-тең болуп чекит коюлду. Чек ара боюнча дагы айта турган көп сөздөр бар. Азырынча айтууга болбойт. Баары бүтсүн анан айтабыз. Ошондо биздин ишибизге тарых баа берет. 5 деген баа берилерине бөркүмдөй ишенем”,- деп айткан.

Президент фейсбуктагы өзүнүн баракчасына дагы чек ара маселесинин тегерегинде ар кандай спекуляциялар сүйлөшүүлөр процессин үзгүлтүккө келтирбеш үчүн документ ратификацияланганга чейин толук ачылбай турганын белгилеген.

Ошондой эле, Садыр Жапаров журналисттерди, коомдук активисттерди, саясатчыларды жеке кызыкчылыктарды четке кагып, бийликтин түшүндүрмөлөрүн кунт коюп угууга чакырган. Ал белгилегендей, Кыргызстан 30 жыл бою ойлонулбаган популисттик билдирүүлөрдөн жапа чегип, мамлекеттик маанилүү долбоорлордон куру калган.

Күн мурун Жогорку Кеңеште УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдө Тажикстан Кыргызстандын 210 миң гектар жерин, анын ичинде Лейлек районунун 70 пайызын алууну талап кылган деп билдирди.

«Тажикстан бизге ушундай аймактык дооматтарды койгон. Анда Кыргызстан Тажикстандын Мургаб району кайра бизге өтүш керек деп мен дагы доомат койдум. Ошондо тажик тарап компромисске келүүгө макул болду. Чек араларды аныктоо КМШны түзүү боюнча 1991-жылдагы декларациянын негизинде ишке ашат деген протоколго кол койгонбуз. Мындан кийин чек араны координациялоо маселеси тездеди», - деди Ташиев.

Борбор Азия республикалары эгемендүү болгондон баштап Кыргызстандын коңшулары ар кандай шылтоолор менен акырындап кыргыз жерлерине өтүп баратканын чек ара аймагында жашагандар какшап келишкен. Ошондо кыргыз тарап унчукпаган себебинин бири – бийликтин коркоктугу жана өлкөнүн алсыздыгы болгон.

Азыр болсо башка мезгил. Кыргызстан өнүгүү жолуна түшүп, экономикасы өсүп, бардык жагынан күчтөнүп жаткан өлкө. Тиш кайрыганга – тиш кайрып, кол сунганга – кол берген өлкө.

Камчыбек Ташиев парламентте тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдүн оңой-олтоң болбогонун айтып, ар бир чыр-чатака жеткирген чер ара тилкелери жөнүндө түшүндүрмө берди. Депутаттар Камчыбек Ташиев алардын купулуна толо турган маалымат берип, суроолорго ачык жооп бергени канааттандырды.

Жогорку Кеңеште чек ара боюнча кыргыз-тажик келишими колдоо таап, ратификациядан өттү. Бир гана добуш каршы көтөрүлдү. Каршы чыккан депутатка Камчыбек Ташиев бир таң калып, бир түшүнбөй жатканын айтты. Текеберленип туруп алган, өзүн жалгыз патриот сезген депутат жөнүндө докладчы аргасыздан атайын топтогон маалыматтарды депутаттарга ачыктап берди.

Айжигитов жаш баланы уруп коюп, соттолгондугу тууралуу маалыматты БШКдан жашырган деди. Тактап айтканда депутат 2017-жылы жаш баланы уруп коюп, бирок сот тутумдарында иштеген туугандарынын жардамы менен иши кыскарганы, бирок Айжигитов бул маалыматты БШКдан жашырганын айтып, тиешелүү документтерди көрсөтүп берди. Акыркы 3 жылдан бери Баткенге бир да жолу барбаганын айтып, эл өкүлүнүн Достук айылы боюнча айткандарына жооп берди.

"БШК Айжигитовдун мандатын алып койсо таң калбагыла. Анткени соттолгондугун жашырып, мыйзам бузган",- деди Ташиев.

Көп жылдан бери талаш-тартыш жаратып келген, күнөөлүбү, жокпу деген суроого “Төрт көчө” боюнча дагы депутаттар толук тушүндүрмө алышты.

“Мурдагы бийликтегилердин шалаакылыгынан, протоколго кол коюп бергендигинен, өзүбүздүн жерибизди 49 жылга ижарага алганбыз. Бул чоң ката болгон. Өзүбүздүн жерибизди силердики деп таанып коюу – бул келесоолук”, - деди Камчыбек Ташиев.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактар ​​негизинен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча чечилбеген маселелерден, ошондой эле суу ресурстарын, жайыттарды жана жолдорду талашуу талаштарынан улам келип чыкканын белгилейт КР УИАнын мамлекет жана укук институтунун директору, саясий илимдеринин доктору Токон Мамытов.

“Маселен, “Головной” суу бөлүштүрүү борбору аны пайдалануудагы пикир келишпестиктерден улам көп жаңжалдарга себеп болгон. Ресурстарды бөлүштүрүүнүн так чектерин жана эрежелерин белгилеген кол коюлган келишим бул себептерди жоюуга жана келечектеги чыр-чатактын алдын алууга багытталган”,- дейт Мамытов.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамилелердин турукташуусу Борбордук Азиянын жалпы коопсуздугуна жана экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизерин баса белгиледи саясат таануучу Марс Сариев.

“Кыргыз-тажик чек арасы чечилгендеп баштап Кыргызстан толук кандуу мамлекет болду. Себеби, чек ара маселесинде талаш жерлер болсо, өлкө суверендүү мамлекет катары эсептелбейт. Чер ара маселеси чечилгендиги – бул эки коңшу элдин ортосунда гана тынчтык орноду дебей, Борбор Азияда тынчтык өкүмү сүрдү десек болот. Бүгүн Борбор Азия өлкөлөрү дагы эле коркунуч абалда турат. Себеби, жакында эле Афган талибдери Тажистанды басып алабыз деген чакырыктарды таратышкан. Биз талибдерди эске алып жүрүшүбүз керек. Анткени, талибдердин боевиктери бир жыл мурун Түркмөнстанга эч кандай каршылыксыз кирип келишкен. Эми, Борбор Азияда тынчтык орноп, региондо коопсуздук бекемделди десек болот.

Чек ара маселеси ушундай ийгиликтүү чечилгени Борбор Азиянын экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, башкаларга жакшы үлгү болот. Эми региондо интеграция күчөп, Борбор Азия инвестиция тартууга жагымдуу аймака айланат”,- дейт Марс Сариев.

Кыргыз-тажик чек арасынын ийгиликтүү, тынчтык аркылуу чечилишин бүт дүйнө кубаттады десек болот. Абройлуу эл аралык уюмдардын баары өздөрүнүн куттуктоолорун жөнөтүштү. Дүйнө согуш коркунучунан арылып, тынчтыкты көздөй сапар алганы калды окшойт.

Камчыбек Ташиевдин парламентте кыргыз-тажик чек арасы боюнча ачык жана толук маалымат бергени эми коомчулук арасында суроо жаратпайт деген үмүттөбүз. Себеби, депутаттар дагы , коомчулук дагы мурда атайын себептер менен жашыруун болгон маалыматтарга ээ болушту. Ушуну менен кыргыз-тажик чек арасына түбөлүктү чекит коюлганына ишенебиз.