Бишкек, 07.07.25 /Кабар/. Кыргызстандын шаарларынын мэрлери акыркы эки жумадан бери чуулгандуу маалыматтарды пайда кылышууда. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган бир катар шаар башчылары камакка алынды. Мэрлердин жана алардын орун басарларынын катар-катар кемчиликтеринен кийин коомдо "мындай адамдар бийликке, андагы маанилүү кызматтарга кантип келишет?" деген суроо пайда болду.
Өлкө башчысы "Кабар" агенттигине берген маегинде калк тарабынан айтылып жаткан тынчсызданууларга жооп берди. "Мен президент болуп келген 5 жылдын ичинде көп түрлүү адамдарды көрдүм. Бир түрү сөзгө чоркок, бирок иштин майын чыгарат. Экинчи түрү тили укмуш сайрайт, бирок колунан эч нерсе келбегендер. 2020-жылы жаштарды бийликке алып келиш керек деп эл талап койгондо жаштарды да министр кылып көрдүм. Беш ай иштей албай кызматтан кеткендер болду. Бизде жакшы кадрлар жетишпейт. Себеби, 30 жыл кадр өстүргөн эмеспиз да. Мурда тааныш билиштик кылып эле кызматка ала беришчү. Албетте бул биздин трагедиябыз болгон", - деди президент.
Учурда бийлик структураларында жүрүп жаткан реформалар дал ушундай кемчиликтерди, бурмалоолорду жоюуга багытталган. Мамлекеттик кадрдык резервди түзүүгө болгон мамиле өзгөрүүдө, талапкерлер үчүн бир катар критерийлер кайра каралып, кызмат орундарына талапкерлерге коюлган талаптар так сакталууда. Талапкердин жакшы жазылган резюмеси, лобби жана "крышасы" карьералык өсүүгө кепилдик бербейт. Тандоо системасы али жеткилең эмес, жооптуу кызматтарга мезгил-мезгили менен адискөйлүк жактан да, моралдык жактан да даярдыгы жок адамдар келиши мүмкүн.
Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Кудайберген Базарбаев "Кабар" агенттигине берген комментарийинде учурда мамлекеттик аппаратта тартипти сактоого гана эмес, кызматкерлердин компетенттүүлүгүнүн деңгээлине дагы өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты.

"Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын толугу менен кайра каралып чыккан иши өзгөчө мааниге ээ. Учурда академия мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга гана багытталган. Бул максаттарга 108 млн сом бөлүнгөн, бул мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди этика маселелери боюнча, анын ичинде сапаттуу окутууну камсыз кылат.
Ошол эле учурда кызматтык тартиптин жогорку деңгээлин жана этикалык нормаларды сактоону камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Алсак, терс негиздер боюнча кызматтан бошотууга алып келген мыйзам бузуулар үчүн 2024-жылы жана 2025-жылдын алты айында 13 кызматкер мамлекеттик кызматтагы ээлеген ордунан бошотулган.
Мындан тышкары, саясий кызматтар үчүн кадрлардын өзүнчө резервин түзүү пландалууда. Бул резерв субъективдүү факторлорсуз компетентциянын негизинде гана түзүлөт. Бул резервге тандоо рейтингдик системаны киргизүү менен кесиптик компетенцияларды, жеке сапаттарды жана укук колдонуу тажрыйбасын баалоо жолу менен жүргүзүлөт. Резервге киргендер КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында тиешелүү окутуудан өткөрүлөрүн белгилей кетүү керек", - деди Кудайберген Базарбаев.
Мамлекеттик кызматтар үчүн кадрларды даярдоо - адаттан тыш мамилени жана чечимдерди талап кылган маселе. Ал эми азыр бийлик социалдык статусуна жана байланыштарына карабастан таланттуу адамдар үчүн ийгиликтүү башкаруучу боло ала турган шарттарды түзүүдө.
Мамлекеттик органдардагы жооптуу кызматтарга жаш кезинен баштап ар кандай жетекчинин негизги жобосунда тарбияланган, кесиптик жөндөмү бар көптү билген адамдар келиши керек: чиновник эл тарабынан жалданган адам, ал тендерлердин каймагын калпыган чечүүчү, же жалган компаниялардын бюджетти ысырап кылуучу сүрөөнчүсү эмес. Кызмат адамынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчү – калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, ишенип берилген аймактарды өнүктүрүү жана тартипти сактоо. Албетте, башкаруучулардын жаңы муунун өстүрүү үчүн убакыт керек.
Кыргызстанда таланттуу балдар үчүн толук кандуу мамлекет тарабынан камсыздалган "Акылман" жана "Улукман" аталышындагы мектептер бар. Алардын ишмердүүлүгү таланттуу улан-кыздар өздөрүнүн талантын гана көрсөтпөстөн, өлкөгө да пайда алып келе тургандай түзүлгөн. Садыр Жапаровдун айтымында, мындай окуу жайлар мамлекеттик башкаруу системасынын кадрларын даярдоочу
Кыргызстанда мамлекет тарабынан толук колдоого алынган таланттуу балдар үчүн «Акылман» жана «Улукман» мектептери ачылууда. Алардын иш-аракеттери таланттуу улан-кыздар өздөрүн гана ишке ашырбастан, өлкөгө да пайда алып келе тургандай түзүлдү. Мындай окуу жайлары, Садыр Жапаровдун айтымында, мамлекеттик башкаруу системасынын кадрларын даярдоочу жайга айланышы керек.
"Азыр эми келечекке кадрларды даярдаш үчүн мектептен баштадык. Чолпон-Атада эки жылдан бери “Акылман” мектеби иштеп жатат. Жакында түштүккө дагы бир “Акылман” мектебин ачабыз. Чолпон-Атага келбестен түштүк жактагы балдарыбыз ошол жакта эле окушса болот. Ал мектепти бүтүргөндөр 100 пайыз мамлекеттик кызматтар менен камсыз болушат. Бирөө да көчөдө калбайт. Муну мыйзам менен бекитип койдук. Бул эми келечектин иши", - деди өлкө башчысы.
Өлкө өнүккөн жана ийгиликтүү болушу үчүн бардык деңгээлде кесипкөй даярдыгы жана жөндөмү бар адистер керек. Бир нече жылдан бери Кыргызстан элитаны жаңылоо жана мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо жолунда бара жатат.
Эксперттер белгилешкендей, бул процесстер эвалюциялык жол менен өнүгөт, ошондуктан абал биз каалагандай тездик менен түзөлбөй жатат. Бирок, алар революциялык окуялардан кийин да бир нече ондогон жылдар бою байкалбаган бийлик вертикалы салыштырмалуу кыска убакыттын ичинде башкарылуучу жана натыйжалуу болуп калганына көңүл бурушат.