Транспорттук коридорлорду жана логистиканы өнүктүрүү. Кыргызстан туңгуюктан чыгууда

Аналитика Загрузка... 10 Июль 2025 13:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Транспорттук байланыш – экономиканын өнүгүшүн аныктай турган факторлордун бири. Тоолуу өлкөлөрдө ыңгайлуу логистика түзүү — бул татаал иш. Учурда Кыргызстанда өлкөбүздүн аймактарын бириктире турган жана Евразиянын ири транспорттук алкагынын маанилүү түзүүчүсү боло турган жол инфраструктурасын салуу боюнча жигердүү иштер жасалууда.

Ыңгайлуу туташтыргыч түйүндөрү бар темир жана автомобиль жолдору продукцияны каалаган чекитке тез жеткирүүнү камсыз кылган тармакты түзөт. Ушуга байланыштуу биздин республиканын географиялык абалы транзиттик потенциалды кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Негизги магистралдык-транспорттук инфраструктураны модернизациялоо менен Кыргызстан биринчиден, аймактардын ички байланыш маселесин чечет; экинчиден, эл аралык транспорттук ташуулар системасына интеграцияланат; үчүнчүдөн, дүйнөлүк рынокторго жана деңиз портторуна түз чыгуу мүмкүнчүлүгүн алат.

Ташуулардын көлөмүн көбөйтүү максатында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун, жаңы ички автоунаа жолдорун салуу жана мурдагыларын реабилитациялоо боюнча стратегиялык чечим кабыл алынган. Ыңгайлуу жана тез трансконтиненталдык жүк ташуучу каттамдар экономикалык активдүүлүк үчүн табигый шарттарды түзөт. Транспорттук артериялардын жанында заводдор жана фабрикалар курулуп жатат. Муну биз азыртадан эле өлкөбүздүн мисалында көрө алабыз, мында реалдуу сектор жаңы стимулдарга ээ болуп, тышкы рынокко чыгуу менен товарлардын кеңири номенкулатурасын - тиричилик жана компьютердик техникадан баштап курулуш материалдарына жана автотранспортторго чейин чыгара баштады.

Көптөгөн инфраструктуралык долбоорлор ишке ашуу стадиясында турганына карабастан, акыркы үч жылда алынган жыйынтыктар Кыргызстандын транспорттук туңгуюктан чыгуунун жолун тапканын ачык айгинелеп турат – “2021-жылдан 2024-жылга чейин транспорттун бардык түрлөрү менен жүк ташуу көлөмү 21%дан ашык өстү. Транспорт жана жүктөрдү сактоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 163,6%ды көрсөттү – 28,6 млрд сомдон (2021-ж.) 46,8 млрд сомго чейин (2024-ж.) жогорулады”.

Сандар көрсөтүп тургандай, Кыргызстан аркылуу эл аралык транспорт коридорлору боюнча жүк ташуу агымы көбөйүүдө. Бул үчүн республикада жүктөрдү сактоо, сорттоо жана кайра жөнөтүү базасы түзүлүүдө - “Жогорку экономикалык активдүүлүк жана тышкы сооданын өнүгүшү кампа инфраструктурасын түзүүгө жана соода-логистикалык борборлордун курулушуна, ошондой эле электрондук коммерциянын өсүшүнө түрткү берди. Учурда 40 соода-логистикалык борбор иштеп жатат, бул өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Улуттук транспорттук долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен кампалык инфраструктура өсүүнүн потенциалына ээ. Логистикалык инфраструктураны өнүктурүүнүн негизги драйвери

эл аралык соода аянтчаларынын рыногуна чыгуусу жана алардын Кыргызстандагы филиалдарынын ачылышы болду. Ар түрдүү соода аянтчаларында 30 миңден ашык кыргыз сатуучулары катталган. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу үч эсеге көп.

Экономика жана бизнес боюнча эксперт Сергей Пономарев белгилегендей, заманбап шарттарда логистика өтө маанилүү ролду ойнойт.

"Жүктү өз убагында жана минималдуу чыгым менен жеткирүү - бул ички рынокто да, тышкы рынокто да атаандаштыкка жөндөмдүү болуу дегенди билдирет. Кыргызстан бул багытта абдан жигердүү баратат. Баарынан мурда ири транспорттук системаларды бириктирип, Кыргызстан үчүн деңизге жол ача турган трансконтиненталдык темир жолду белгилегим келет. Буга чейин бизде мындай мүмкүнчүлүктөр болгон эмес. Ошондуктан мамлекет азыр жасап жаткан кадамдар экономикалык өнүгүү жагынан абдан маанилүү", - дейт ал.

1477290717_42108200.width-800.png

Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти Нурбек Элебаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде транспорттук коммуникацияларды жана соода-логистикалык борборлорду куруу боюнча стратегиялык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстанга алып келе турган артыкчылыктар тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал учурда Кыргызстанда эл аралык стратегиялык транспорттук-логистикалык инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча болуп көрбөгөндөй масштабдуу иштер жүргүзүлүп жатканын, бул жакынкы келечекте биздин өлкөнүн аймагы аркылуу трансулуттук транспорттук каттамдарды олуттуу диверсификациялоого мүмкүндүк берерин, эл аралык сооданы, өлкөлөрдүн жана катышуучу тараптардын ишкердик жана инвестициялык активдүүлүгүн кеңейтүүгө көмөктөшөрүн кошумчалады.

"Бул долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү Кыргызстанга коңшу өлкөлөр жана эл аралык каржы институттары менен интеграциянын жаңы жогорку деңгээлине чыгууга мүмкүндүк берерин белгилей кетүү маанилүү. Мисалы, Кытай-Өзбекстан-Кыргызстан темир жолунун курулушуна акыркы эки өлкөнүн ар бири 570-700 млн доллардан инвестиция салат, бирок ошондой эле долбоордун жалпы баасы 4,5 млрд долларды түзгөн 2,35 млрд доллар өлчөмүндө кытайлык жеңилдетилген насыяга мүмкүнчүлүк алат.

Курулуштун жүрүшүндө 80ден ашык көпүрө куруу жана 40тан ашык туннелди казуу керек, анын ичинен үчөө 12 чакырымдан ашат. Ошентип, биз каржылоону гана эмес, ошондой эле эл аралык форматта мындай ири долбоорлорду ишке ашыруу жана башкаруу боюнча өтө бай тажрыйбаны алабыз. Мына ушунун бардыгы өз алдынча субъект катары дүйнөлүк экономикага ырааттуу интеграциялануунун деңгээлин, сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

WhatsApp_Image_2025-06-25_at_21.25.35.width-800.jpg

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) алкагында ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан дагы бир амбициялуу транспорттук долбоор – бул "Макмал – Каракол" темир жол линиясын куруу долбоору болуп саналат. Ал Трансевразиялык маршрутуна маанилүү бөлүк катары кирет. Долбоордун жалпы инвестиция көлөмү 3 млрд долларды түзөт. Ал "долбоордук кум кутуча" форматында ишке ашырылат, ошондуктан эл аралык консорциумдун иш тажрыйбасы транспорттук тармакты каржылоодо баа жеткис мааниге ээ болот. Долбоор темир жол байланыштарын модернизациялоону гана эмес, өлкөнүн аймактарындагы экономикалык абалды жакшыртууну да камтыйт.

Ошентип, бул эл аралык долбоорлор өз тармагында алгачкылардан болуп эл аралык жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматындагы инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн ачты. Бул өз кезегинде каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн гана эмес, ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруу жана башкаруу боюнча тажрыйбаны да кыйла жогорулатат. Ал эми акыркысы узак мөөнөттүү келечекте, балким, эң баалуу ролду ойнойт, — деп белгиледи Нурбек Элебаев.

Эксперттер белгилегендей, Борбор Азия өлкөлөрү үчүн, өзгөчө Кыргызстан үчүн туруктуу жана ишенимдүү транспорттук коридорлорду өнүктүрүү – бул келечектеги экономикалык өнүгүүнүн багытын аныктаган эң маанилүү фактор болуп саналат. Регионалдык деңгээлде үзгүлтүксүз логистиканы түзүү жана аны эл аралык ташуу тутумуна интеграциялоо жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачып, аларды өнүктүрүү үчүн стимул жарата алат.