Астанада ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда өтүп жаткан Евразия экономикалык форумду эксперттер принципиалдуу түрдө маанилүү учур деп аташты. Анткени азыркы тапта өз ара аракеттенүүнүн багыты бир гана соода жүгүртүүнүн көлөмүн арттыруу менен чектелбестен, санариптик чечимдерди жана жасалма интеллект (ЖИ) технологияларын камтуу менен кеңейүүдө. Бул олуттуу трансформация экономикалык кызматташтыкты сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга жөндөмдүү. Мында жасалма интеллект чөйрөсү бирдиктүү логистиканы куруу, товар агымдарын айкалыштыруу, өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана кошумча нарк чынжырчаларын бөлүштүрүү процесстерин көзөмөлдөөнүн жана башкаруунун дагы бир негизги механизмине айланат.

Мында келечекте алгоритмдер натыйжалуу жана оптималдуу башкаруучулук чечимдерди сунуштай ала турган электрондук мээге айланары тууралуу сөз болуп жатат. Баштапкы маалыматтарды изилдөө, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу, ар кандай эсептөөлөр жана макулдашуулар үчүн адистештирилген институттардын жылдаган эмгеги талап кылынса, жасалма интеллект эбегейсиз көлөмдөгү маалыматтарды жана параметрлерди саналуу мүнөттөрдүн ичинде иштеп чыгып, жыйынтыгын берет. Бул зор атаандаштык артыкчылык, ошондуктан ЕАЭБ мамлекеттеринин лидерлери Казакстандын борборундагы Евразия экономикалык форумда бул маселеге олуттуу көңүл бурушту.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өз сөзүндө ЕАЭБде киргизилип жаткан санариптик чечимдер маалыматтардын сыртка чыгып кетүүсүнөн корголушу керектигине өзгөчө басым жасады. Алар сырттан кийлигишүүнү жокко чыгарган санариптик иштеп чыгууларга негизделиши зарыл экенин белгиледи. Анткени ушундай мамиле гана өнөктөш өлкөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн ЖИ платформаларынын туура иштешине кепилдик бере алат.

"Биздин өлкөлөрдү терең тарыхый жалпылык, күчтүү илимий салттар жана орток экономикалык кызыкчылыктар бириктирет. Биргелешкен моделдерди иштеп чыгууда, жалпы эсептөө кубаттуулуктарын жана дата-борборлорду түзүүдө күч-аракетибизди бириктирсек, биз жөн гана колдонуучу эмес, глобалдык санариптик күн тартибинин толук кандуу архитекторлору боло алабыз. Өз маалыматтарын башкара албаган адам өз келечегин да башкара албайт. Ал эми тышкы инфраструктурага, алгоритмдерге жана коргоо системаларына көз каранды болгон мамлекет ар дайым алсыз бойдон калат. Ошондуктан Кыргызстан улуттук жасалма интеллект чечимдерин өнүктүрүүгө басым жасап жатат", - деди Жапаров.
Ошондой эле Кыргызстандын лидери ЖИ технологиялары адам баласынын ишмердүүлүгүнүн жана жашоосунун бардык чөйрөлөрүнө олуттуу таасирин тийгизип жатканына токтолду.

"Биз бүгүн тарыхый мезгилде жашап жатабыз. Жасалма интеллект алып келген өзгөрүүлөр масштабы боюнча өнөр жай революциясы же космосту багындыруу менен барабар. Бирок ал учурда өзгөрүүлөр ондогон жылдар менен эсептелсе, бүгүнкү санариптик жарышта убакыт айлар менен эсептелүүдө. Жасалма интеллект — дүйнөлүк тарыхтын жаңы локомотиви. Биз бүгүн кандай чечим кабыл аларыбызга жараша өлкөлөрүбүз бул локомотивдин башкаруу кабинасында болобу же перрондо турган бойдон калабы – ошол аныкталат", – деди мамлекет башчысы Садыр Жапаров.
Россиянын лидери Владимир Путин Садыр Жапаровдун суверендүү жасалма интеллект моделдерин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү тууралуу пикирин колдоду. Бул стратегиялык туруктуулук жана коопсуздук маселеси. Ошондуктан эсептөө кубаттуулуктарынын жана энергетика объекттеринин өз ара байланышкан инфраструктурасын калыптандырууга, технологияларды жергиликтүү муктаждыктарга ылайыкташтырууга көңүл буруу зарыл.

"Биз досторубуз, өнөктөштөрүбүз менен биргеликте иштешүү зор мааниге ээ экенин жакшы түшүнөбүз. Күчтөрдү бириктирүү эбегейсиз натыйжа берип, ушул багыт боюнча, эгер ушундай деп айтууга уруксат болсо, биргелешкен чоң жемишин бериши мүмкүн. Бул ЕАЭБ өлкөлөрү жана биздин интеграция үчүн олуттуу чакырыктарды, ошону менен бирге, мен белгилеп өткөндөй, чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Биздин көз алдыбызда саясий турмуштун жана маалымат берүүнүн технологиялары өзгөрүүдө, бул тууралуу Кыргызстандын президенти да белгилеп өттү. Чындыгында эле саясий жашоонун жана маалымат өткөрүүнүн технологиялары өзгөрүп, өнөр жайдын принципиалдуу жаңы тартиби калыптанууда, билим берүү, саламаттыкты сактоо жаңыланып, жалпысынан социалдык чөйрө өзгөрүүгө дуушар болууда", – деп белгиледи Путин.
Ошондой эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЕАЭБ жөн гана аймактык интеграциялык бирикме эмес, глобалдык экономиканын маанилүү субъекти экенин белгиледи. Ошондуктан, күчөп жаткан санариптик жарышта ЖИ технологияларын кеңири колдонуу чөйрөлөрүндө өнөктөш өлкөлөр өзүн-өзү камсыз кыла алышы керек.

"Азыр алдыбызда Евразия экономикалык биримдиктин потенциалын андан ары динамикалуу өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча стратегиялык маанилүү милдет турат. Дүйнөлүк чарбалык байланыштар толугу менен кайра курулуп жана башка нукка бурулуп жаткан доордо, терс глобалдык тенденцияларга каршы турууга багытталган бирдиктүү жана координацияланган күч-аракеттер талап кылынат. Дүйнөлүк рыноктогу кырдаал татаал, ал тургай көп жагынан алдын ала айтууга мүмкүн болбой турат. Салттуу экономикалык чакырыктардын үстүнө масштабдуу санариптик бурулуш кошулду, ал жакынкы аралыкта "оюндун эрежелерин" толугу менен өзгөртөт. Ушуга байланыштуу, азыркы форумдун темасы өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда", – деди Касым-Жомарт Токаев.
Беларустун башчысы Александр Лукашенко ЕАЭБде санариптик өз ара аракеттенүү үчүн пайдубал буга чейин эле түптөлгөндүгүн билдирди. Чар-жайыт улуттук демилгелерден бирдиктүү евразиялык санариптик экотутумга өтүү үчүн укуктук жана технологиялык инструменттер түзүлгөн.

"Бул ар бир өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жасалма интеллектти окутуу үчүн маалыматтарды коопсуз алмашуу максатында керек.
Бул аркылуу ЕАЭБ мамлекеттеринин ишканалары суроо-талапты божомолдоо жана жеткирүү чынжырчаларын оптималдаштырууну камтыган кеңири чөйрөдөгү милдеттер үчүн даяр программалык чечимдерди ала алышат. Эң маанилүүсү, бул биздин биргелешкен иштеп чыгууларыбыз болот. Алар колдонууда коопсуз жана сырткы конъюнктурадан көз каранды эмес.
Инженердик потенциалды, өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана интеллектуалдык ресурстарды бириктирүү менен биз санариптик доордун чакырыктарына жөн гана ыңгайлашып калбастан, анын эрежелерин өзүбүз калыптандырып, технологиялык өнүгүүнү жана элдерибиздин жашоо сапатын жогорулатууну камсыз кыла аларыбызга ишенем", – деп жыйынтыктады Лукашенко.
Экономист Кубат Рахимов ЕАЭБ глобалдык ЖИнин жөнөкөй колдонуучусу эмес, анын ичинде технологиялык суверенитет өндүрүлүүчү, корголуучу жана капиталдаштырылуучу юрисдикцияга айланышы керек, деп билдирди "Кабар" маалымат агенттигине берген комментарийинде.

"Астанадагы Евразия экономикалык форум узак убакыттан бери биринчи жолу соода күн тартиби катары эмес, технологиялык күн тартиби катары жаңырууда. Бул принципиалдуу бурулуш. ЕАЭБдин төрт лидери тең бир пикирге келишти: санариптик суверенитет – бул жөн гана тандоо эмес, аман калуунун шарты. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров муну так жана катаал формулировкалады: ким өз маалыматтарын башкарбаса – ал өз келечегин башкарбайт. Путин муну колдоду: суверендүү ЖИ моделдери стратегиялык туруктуулук маселеси. Токаев – санариптик жарыштагы өзүн-өзү камсыздоо тууралуу айтты. Лукашенко – бирдиктүү евразиялык санариптик экотутум жөнүндө сөз кылды. ЖИнин глобалдык архитектурасы феодалдык логиканы тездик менен кайталап жатат. Архитектор өлкөлөр бар, алар алгоритмдерди жазышат, чиптерге ээлик кылышат, булуттуу (cloud) инфраструктураны көзөмөлдөшөт. Колдонуучу өлкөлөр бар, алар бирөөнүн "мээсине" кирүү мүмкүнчүлүгү үчүн акча төлөшөт. Акыркылар үчүн сырткы ЖИ платформасынан көз каранды болуу жөн гана технологиялык артта калуу эмес, түзүмдүк баш ийүү дегенди билдирет. Алгоритм аны ким окутуп-үйрөтсө, ошонун кызыкчылыгы үчүн оптималдаштырат.
ЕАЭБ азырынча бул уюлдардын ортосунда баланс сактап турат. Биргелешкен эсептөө кубаттуулуктары, жалпы дата-борборлор, моделдерди локализациялоо – мунун баары туура багыттар. Бирок алдыңкы оюнчулар азыртадан эле кванттык эсептөөлөргө инвестиция салып жатышат жана келечектеги 7-10 жылдык перспективада алар каалаган криптографиялык коргоону жокко чыгарууга кубаттуу. Бул азыркы суверендүү тутумдарды принципиалдуу түрдө аялуу кылып коюшу мүмкүн. Бул тобокелдиктерди дагы эске алуу зарыл", – деп жыйынтыктады Кубат Рахимов.
Жасалма интеллект албетте, абдан назик жана сезимтал чөйрө. Бул тез жана туура чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү, татаал инфраструктуралык долбоорлорду эсептөөгө кеткен убакытты кыскартуу, экономикалык программаларды түзүү, өндүрүштүк кубаттуулуктарды натыйжалуу жайгаштыруудан тарта логистиканы курууга чейинки өз ара аракеттенүүнүн деталдуу каркасын терең иштеп чыгуу. Ошондуктан, ЕАЭБдин бирдиктүү санариптик экотутумун түзүү маселеси, биринчи кезекте, аймактын өзүн-өзү камсыздоосу жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү көз карашынан алганда актуалдуу.
Эксперттер белгилегендей, бул контур сырткы коркунучтардан жана шпиондук программалардан шартсыз жана кепилденген түрдө корголушу керек. ЖИ иштеп чыгуулары аскердик-диверсиялык жана чалгындоо иштеринде да колдонулары эч кимге сыр эмес. Ошондой эле эки тараптуу багыттагы алгоритмдер бар, мында бир караганда пайдалуу көрүнгөн программа жашыруун түрдө аны иштеп чыгуучунун кызыкчылыгы үчүн башка функцияларды аткарышы мүмкүн. Ошондуктан, заманбап шарттарда технологиялык суверенитетти камсыздоо – чек араны кайтаруу, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугу сыяктуу эле өзгөчө мааниге ээ.