Кыргызстан менен Тажикстан өз ара пресс-турларды уюштуруу боюнча орток пикирге келди – Алагөзов

Коом 1847 13 Март 2025 23:25
484389435_9295841483817343_8627794866769778053_n.jpg
484175901_9295841513817340_8289040223039232679_n.jpg
Алдыга
Артка
484389435_9295841483817343_8627794866769778053_n.jpg
484175901_9295841513817340_8289040223039232679_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстан өз ара пресс-турларды уюштуруу боюнча орток пикирге келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, Тажикстандын президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси Заробиддин Косими менен өз ара кызматташуу маселеси талкууланды.

"Эки өлкө ынак коңшулук мамилесин арттырууда, эки элди жакындатууда, ынтымагын жандандырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын, маданий байланыштардын мааниси зор экенин аңдап-түшүнүү менен, бул багытта жакшы тилектерди, жаңы идеяларды ишке ашырсак деген ой-пикирлерибиз менен бөлүштүк.

Бул багытта иш-аракеттерибизди ыкчамдатуу, анын ичинде өз ара пресс-турларды уюштуруу маселелери боюнча орток пикирге келдик",-деп айтылат билдирүүдө.