Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт

Экономика 8 июль 2025 15:50
517398066_1140002474812776_3805570344599223847_n.jpg
516199349_1140002484812775_8848900672820688851_n.jpg
517092612_1140002478146109_4774612977092364776_n.jpg
517141669_1140002481479442_5508264403466726245_n.jpg
518343227_1140002471479443_5086115091957864138_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Соода-өнөр жай палатасы

Бишкек, 08.07.25 /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, бүгүн президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлуп, алмашылды.

Негизги документтердин арасында "Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Тажикстандын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда Ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндө" макулдашуу. Кыргыз тараптын атынан документке КР СӨПтүн вице-президенти Авазбек Керимбаев кол койду.

Ишкерлер кеңешинин түзүлүшү экономикалык байланыштарды арттыруу, ишкерлердин ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүү жана соода жана инвестиция тармагында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү боюнча маанилүү кадам болмокчу.