Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКта Тажикстандын энергетикалык компанияларынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү.
Компаниядан билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө тажик тарап электр тармактарын башкаруу, электр энергиясынын жоготууларын азайтуу, авариялык-калыбына келтирүү иштерин уюштуруу жана керектөөчүлөрдү ишенимдүү камсыздоо багытындагы кыргыз тажрыйбасы менен таанышты.
Ошондой эле делегацияга компаниянын маалымат борборунун, колл-борборунун, "Бирдиктүү терезе" кызматтарынын жана электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумунун ишмердүүлүгү көрсөтүлдү.
Жолугушуу эки өлкөнүн энергетикалык компанияларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кесиптик тажрыйба алмашууга багытталды.