Кыргызстан менен Тажикстандын аэронавигация тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом Загрузка... 17 Апрель 2025 12:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. 15-апрелде Тажикстандын Душанбе шаарында Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов менен Тажикстан Жарандык авиация агенттигинин директору Хабибулло Назарзоданын жолугушуусу болуп өттү.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууга ошондой эле «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Төрөкелди Өмүров катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учуу коопсуздугу жана авиациялык коопсуздук жаатында эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн жарандык авиация тармагындагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелерин талкуулады.

Ошондой эле Душанбе шаарына болгон иш сапарынын алкагында кыргыз делегациясы «Тажикаэронавигация» мамлекеттик унитардык ишканасында болуп, анда инфраструктура менен таанышып, аэронавигация тармагындагы кызматташуу тууралуу сөз болду.