Кыргызстан менен Тажикстандын Жарандык авиация агенттиктери кызматташат

Коом Загрузка... 17 Апрель 2025 11:31
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. 15-апрелде Тажикстандын Душанбе шаарында Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов менен Тажикстан Жарандык авиация агенттигинин директору Хабибулло Назарзоданын жолугушуусу болуп өттү.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учуу коопсуздугу жана авиациялык коопсуздук жаатында эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн жарандык авиация тармагындагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелерин талкуулады.

Жыйындын соңунда жарандык авиация адистеринин билим деңгээлин жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен Тажикстан Жарандык авиация агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Мындай жолугушуулар тараптардын конструктивдүү диалогго умтулуусун тастыктайт жана региондун туруктуу өнүгүүсүн бекемдөө боюнча жалпы ишке маанилүү салым катары кызмат кылат.