Кыргызстан менен Тажикстан социалдык тармакта кызматташат

Коом Загрузка... 08 Июль 2025 15:15
518045924_24075444475408902_8596600262033896755_n.jpg
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 08.07.25 /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстан социалдык тармакта кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Документке бүгүн президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлду.

Меморандум КР Эмгек министрлиги менен Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосунда түзүлдү. Ага кыргыз тараптан эмгек министри Равшанбек Сабиров жана тажик тараптан саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык коргоо министри Абдулло Абдуллозода кол коюшту.

Меморандумдун максаты жарандардын аярлуу категорияларын колдоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу аркылуу калкты социалдык жактан коргоо жаатында эки тараптуу кызматташууну бекемдөө болуп саналат.

Кызматташуу социалдык саясат жана санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашуу, гендердик мамилени өнүктүрүү, адистердин квалификациясын жогорулатуу, биргелешкен кесиптик иш-чараларга катышууну камтыйт.

Меморандумга кол коюу эки тараптуу мамилелерди чыңдоодогу маанилүү кадам болду жана тараптарга жарандардын бакубаттуулугуна багытталган актуалдуу социалдык көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө мүмкүндүк берет.