Кыргызстан менен Тажикстан автобус каттамын калыбына келтирүүнү талкуулады

Коом Жүктөлүүдө... 16 Май 2025 12:22
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 16.05.2025. /Кабар/. Күн мурун транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Тажикстандын транспорт министри Азим Иброхим менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Эки тараптуу жолугушууда министр Сыргабаев Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси чечилгендигин белгилеп, курулуучу автомобиль жолдорунун азыркы абалына токтолду.

Ал эми Тажикстандын транспорт министри автобус каттамдарын калыбына келтирүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, жолугушуу "Борбор Азия – Кытай" форматындагы транспорт министрлеринин 2-жыйынынын алкагында өттү.