Кыргызстан менен Тажикстан айыл чарба тармагындагы кызматташтыгын бекемдейт

Экономика 10 июль 2025 09:50
WhatsApp Image 2025-07-09 at 17.35.25 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-07-09 at 17.35.23.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-09 at 17.35.25.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-09 at 17.35.25 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-07-09 at 17.35.24.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-09 at 17.35.24 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-07-09 at 17.35.25 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-07-09 at 17.35.23.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-09 at 17.35.25.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-09 at 17.35.25 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-07-09 at 17.35.24.jpeg
WhatsApp Image 2025-07-09 at 17.35.24 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстан айыл чарба тармагындагы кызматташтыгын бекемдейт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматташтык тууралуу тиешелүү келишимдер жана меморандумдар президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында өткөн кыргыз-тажик экономикалык форумунда түзүлдү.

Алсак, "Кыргыз Агрохолдинг" ААК менен "Таджагропромэкспорт" мамлекеттик ишканасынын ортосунда айыл чарба продукцияларынын өз ара жеткирүүлөрүн өнүктүрүүгө жана соода-экономикалык алакаларды чыңдоого багытталган өз ара соода жөнүндө келишимге кол коюлду.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан жана Тажикстандын президенттери эки өлкөнүн улуттук азык-түлүктөрүнүн көргөзмөсүнө катышып, анда "Кыргыз Агрохолдинг" ААК аскер кызматкерлери үчүн жеке тамак-аш рационун көрсөтүп, катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты.

"Кыргыз Агрохолдинг" ААК жетишилген макулдашуулар мындан ары да эки өлкөнүн экономикасынын кызыкчылыгындагы жемиштүү кызматташтыкты жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну камсыздайт деген ишенимде.