Кыргызстан менен Татарстан энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Саясат 2043 09 Апрель 2026 11:10
668584242_939516655339977_779214359283184386_n.jpg
668559971_939517945339848_3483027576198749890_n.jpg
666701276_939517032006606_8517539838541459257_n.jpg
667589610_939516605339982_6591464698312805540_n.jpg
668141562_939516445339998_938543255573694121_n.jpg
667531930_939516458673330_8540919470587977046_n.jpg
667321221_939516392006670_56923232108474_n.jpg
668121663_939516688673307_4510731156481996962_n.jpg
667368621_939516555339987_1270522240811124164_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Казань шаарында өткөн “Энергопром” эл аралык форумунун алкагында Энергетика министрлиги менен Татарстандын ири энергетикалык компанияларынын ортосунда эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү боюнча сүйлөшүүлөр өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, анда делегация мүчөлөрү Татарстандын алдыңкы өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгү жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.

Ошондой эле бир катар стратегиялык ишканалардын жетекчилери менен кызматташуу талкууланды.

"Тараптар даяр продукцияны жеткирүү менен гана чектелбестен, Кыргызстандын аймагында өндүрүштү жайгаштыруу маселесин карашты. Атап айтканда, кабель продукцияларын, бөлүштүрүүчү калкан жана эсептегичтерди чогултуу, монтаждоо иштерин биргелешип аткаруу, ошондой эле келечекте биргелешкен ишканаларды түзүү аркылуу энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү пландалууда",-деп белгиленет маалыматта.