Кыргызстан менен Судан кызматташтыкты арттырат

Коом 24 сентябрь 2026 10:00
Кыргызстан менен Судан кызматташтыкты арттырат
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Судандын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Мухиддин Салим Ахмад Ибрахим менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, анда тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны мындан ары кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл эл аралык уюмдардын, биринчи кезекте БУУнун алкагындагы өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча координацияны күчөтүүгө бурулду.

Тараптар эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосунда үзгүлтүксүз саясий диалогду жана жумушчу байланыштарды колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз-судан мамилелерин мындан ары өнүктүрүү максатында кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.