Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Словакияда тышкы иштер министри Юрай Бланардын жолугушуусу болуп өттү.
Ведомстводон билдиришкендей, анда тараптар саясий диалогду активдештирүүнүн келечегин, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды даярдоо, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Санкциялык маселелер боюнча өз ара аракеттенүүгө жана биргелешкен иш алып барууга өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргыз-словакия мамилелерине кошумча дем берүү жана өз ара аракеттенүүнүн болгон потенциалын ишке ашыруу максатында келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгү талкууланды.
Жолугушуунун соңунда Жээнбек Кулубаев словакиялык тарапты 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган "Бишкек+25" экинчи дүйнөлүк тоо саммитине катышууга чакырып, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелерин илгерилетүүдө эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.