Бишкек, 16.12.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Словакиянын ортосунда дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визадан бошотуу тууралуу макулдашуу күчүнө кирди.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү макулдашууга үстүбүздөгү жылы 25-апрелде Бишкек шаарында КР министрлер кабинети менен Словакиянын өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган.
"Макулдашууга ылайык, Кыргызстан жана Словакиянын дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлери 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө эки өлкөнүн аймактарына кирүүдө, андан чыгууда жана убактылуу болууга визалык талаптардан бошотулат",-деп айтылат маалыматта.