Кыргызстан менен Сербия саясий консультацияларды өткөрүүнү макулдашты

Саясат Загрузка... 22 Январь 2026 09:54
1067da41-19fe-3455-a168-01b9a110f293.png
copyright icon ТИМ

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров жана Сербиянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Дамьян Йович видеоконференциялык байланыш аркылуу сүйлөштү.

Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар саясий, экономикалык, маданий жана гуманитардык тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Артыкчылыктуу маселелер боюнча кызматташуунун келечегин изилдөө үчүн эки тараптуу саясий консультацияларды өткөрүүнү макулдашты.

Ошондой эле тараптар экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, парламенттер аралык диалогду жана маданий кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү боюнча пикир алмашышты.

Соңунда тараптар жетишилген келишимдерди ишке ашыруу үчүн тыгыз иш байланыштарды сактоого макулдашты.