Бишкек, 26.09.25./Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сент-Люсия Республикасынын тышкы иштер министри Альва Романус Баптист менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында Нью-Йорк шаарында өттү.
Анда тараптар өз ара кызыгууну жараткан кызматташтыктын келечектүү тармактарын талкуулашты.
Министр Кулубаев сент-люсиялык кесиптешин расмий сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
Тараптар көп багыттуу форматта, айрыкча эл аралык уюмдардын алкагында кандидатураларды өз ара колдоо маселелери боюнча кызматташууну улантууга кызыкдар экенин билдиришти.