Кыргызстан менен Сауд Аравиянын соода-өнөр жай палаталарынын кызматташтыгы активдешет — Кабар

Кыргызстан менен Сауд Аравиянын соода-өнөр жай палаталарынын кызматташтыгы активдешет

Саясат 7 октябрь 2025 10:15
2bc8d0a1-c3ef-3d7d-9c54-9d1642b0f435.jpg
a40de563-9da0-33e3-9e8d-731e90cb56a0.jpg
Алдыга
Артка
2bc8d0a1-c3ef-3d7d-9c54-9d1642b0f435.jpg
a40de563-9da0-33e3-9e8d-731e90cb56a0.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Сауд-Кыргыз ишкерлер кеңешинин жаңы дайындалган төрагасы Саад бин Али Аль-Кахтани менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, анда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү жолдорун талкуулашты.

Улукбек Марипов эки өлкөнүн мамлекеттик органдары деңгээлиндеги визиттердин активдүү алмашуусун, саудиялык ишкерлер делегацияларынын Кыргызстанда өтүп жаткан бизнес-форумдарга катышуусун, ошондой эле Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосунда үзгүлтүксүз түз авиакаттамдардын ишке киргизилишин баса белгиледи.

Өз кезегинде Саад бин Али Аль-Кахтани Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы кызматташтыктын динамикалуу өнүгүшүнө жогору баа берди. Ал эки өлкөнүн учурдагы соода-экономикалык жана инвестициялык потенциалын максималдуу кеңейтүү үчүн жаңы түзүлгөн бизнес-кеңеш аркылуу соода-өнөр жай палаталарынын ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн айтты.