Кыргызстан менен Сауд Аравиянын башкы прокурорлору кызматташтыкты талкуулады

Коом 12 июнь 2025 15:15
505731776_1034063065579412_3276773750382564122_n.jpg
505435909_1034063242246061_6506185211052936804_n.jpg
505340379_1034063132246072_6303926614114144434_n.jpg
505466952_1034063125579406_7476077273834920241_n.jpg
505232684_1034063135579405_6071118775463721469_n.jpg
505729011_1034063045579414_2276556678204123492_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарында Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев менен Сауд Аравия Падышалыгынын башкы прокурору шейх Сауд бин Абдулла Аль-Муажибдин ортосунда кызматтык жолугушуу болуп өттү.

Прокуратурадан билдиришкендей, жолугушууда тараптар трансулуттук кылмыштуулукка, экстремизмге, терроризмге жана коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланып, эки өлкөнүн прокуратура органдарынын ортосундагы мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн жана алдыңкы тажрыйбаларды алмашуунун жогорку маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын жана Сауд Аравиянын Башкы прокуратураларынын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Аталган документ укуктук өз ара жардам көрсөтүү, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү камтыйт.

Тараптар өнөктөштүктү андан ары кеңейтүүгө, анын ичинде БУУ, Ислам кызматташтык уюму жана Эл аралык прокурорлор ассоциациясы сыяктуу эл аралык аянтчаларда күч-аракеттерди координациялоого даяр экендиктерин билдиришти.