Кыргызстан менен Россиянын товар жүгүртүүсү 2025-жылы $5 млрд ашкан

Экономика 13 октябрь 2026 15:40
WhatsApp Image 2026-10-13 at 13.23.26.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-13 at 13.09.10 (2).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-13 at 13.23.26.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-13 at 13.09.10 (2).jpeg
Алдыга
Артка

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2025-жылы 5 млрд доллардан ашып, быйылкы жылдын беш айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25%га өстү. Бул тууралуу EXPO EURASIA KYRGYZSTAN көргөзмөсүнүн директору Светлана Забелина "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Россиянын Кыргызстан менен болгон тышкы соода жүгүртүүдөгү үлүшү 27,1%ды түзөт.

"Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жигердүү өнүгүп жатат. Россиялык бизнес үчүн Кыргызстан өзүнүн географиялык жайгашуусу, эки тараптуу достук байланыштары, ишкана ачуудагы жеңилдиктери менен да абдан жагымдуу”,- деди Забелина.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ), Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ), Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ), БРИКСке жана башка эл аралык түзүмдөргө катышуусу эки өлкөнүн ишкердик кызматташтыгын өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарт түзөт.