Кыргызстан менен Пермь аймагы ишкердик кызматташтык түзүүдө

Экономика Жүктөлүүдө... 13 Май 2025 15:00
1.jpg
496803262_1097159705763720_3156273403550208687_n.jpg
496950746_1097159699097054_7485715170797077789_n.jpg
497471458_1097159692430388_3146874116899506526_n.jpg
497613857_1097159695763721_8480015044051676592_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon КР Соода-өнөр жай палатасы

Бишкек, 13.05.2025. /Кабар/. Кыргызстан менен Пермь аймагы ишкердик кызматташтыкты түзүүдө. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасында Пермь аймагынан келген делегация менен жолугушууда айтылды.

Делегацияга Пермь шаарынын мэри Эдуард Соснин башчылык кылды. Кыргыз тараптан конокторду палатанын вице-президенти Мамасадык Бакиров тосуп алды.

Россиялык делегациянын курамында ири ишканалардын жетекчилери жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү болду. Алар Пермь шаарынын экономикалык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, кыргызстандык ишкерлерди аймакка инвестиция салууга чакырышты.

Тараптар ар тараптуу кызматташтыкка даяр экендиктерин билдиришти.