Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын учурдагы абалы талкууланды — Кабар

Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын учурдагы абалы талкууланды

Саясат 16 октябрь 2025 17:19
3036762.25dcf3f8d85dcac01c6ad5d3d730638d.jpg
11.jpg
Алдыга
Артка
3036762.25dcf3f8d85dcac01c6ad5d3d730638d.jpg
11.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соода-экономикалык, энергетика жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы деңгээлине дагы токтолушту.

Данияр Амангелдиев менен Сергей Вакунов кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын Бишкекте өтө турган кезектеги жыйынына кылдат даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Соңунда тараптар кыргыз-орус кызматташтыгын стратегиялык өнөктөштүктүн деминде мындан ары да бекемдөөнү өз ара ниеттерин билдиришти.