Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери жолугушту

Коом Загрузка... 27 Май 2025 20:47
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов менен Россиянын коргоо министри Андрей Белоусовдун ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аскердик кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Белгилей кетсек, Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов Бишкек шаарына Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн бүгүн, 27-майда келди.