Кыргызстан менен Россия өз ара сооданын көлөмүн 5 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө

Президент Загрузка... 26 Ноябрь 2025 18:32
588106087_25295264366760234_6738540001562078761_n.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Биз өз ара сооданын көлөмүн жакынкы жылдары 5 млрд долларга жеткирүүнү көздөгөн жалпы максатыбызга карай туруктуу бара жатканыбызды канааттануу менен белгиледик. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Россия президенти Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМК үчүн билдирүү жасаганда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, эки тараптуу сүйлөшүүдө бүгүн соода-экономикалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду.

“Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналарын эске сала кетейин. Анын үлүшү жалпы товар жүгүртүүнүн 22%ын түзөт. Башкача айтканда, өлкөбүздүн тышкы соодасынын дээрлик төрттөн бири Россиянын үлүшүнө таандык. Биз өз ара сооданын көлөмүн жакынкы жылдары 5 миллиард долларга жеткирүүнү көздөгөн жалпы максатыбызга карай туруктуу бара жатканыбызды канааттануу менен белгиледик”, - деди президент.