Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн болжол менен 97%ы улуттук валюталарда жүргүзүлөт. Бул тууралуу Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Маалыматка караганда, тараптар финансылык кызматташтыктын жаңы моделине өтүүдө. Анын алкагында сом жана рубль менен эсептешүүлөрдү кеңейтүү, биргелешип каржылоо жана инвестицияларды колдоонун жаңы инструменттерин өнүктүрүү каралууда.
Буга чейин Россиянын Экспорт борборунун улук вице-президенти Никита Гусаков өлкөлөр доллар менен эсептешүүгө болгон көз карандылыгын кыйла азайтканын белгилеген.
"Товар жүгүртүүнүн болжол менен 97%ы жергиликтүү валюталарда жүргүзүлүүдө. Биз доллар менен гана эсептешүүнү токтоттук. Рубль басымдуулук кылат, бирок сом да жигердүү колдонулууда. Бара-бара бул инвестициялык активдүүлүккө да өтүп жатат", - деген ал.