Кыргызстан менен Россия мигранттарга укуктук-маалыматтык иш-чараларды өткөрөт

Коом Загрузка... 09 Июль 2025 17:37
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Кыргызстандын Акыйкатчы институту жана Россия Федерациясынын Адам укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү мигранттар арасында биргелешкен укуктук-маалыматтык иш-чараларды өткөрөт. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Анда белгиленгендей, иш-чаларды уюштуруу бүгүн кол коюлган 2025-2026-жылдарга карата кызматташтык жөнүндө кошумча протоколдо каралган.

Акыйкатчы институту маалымдагандай, бүгүн Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугуп, институттун кызматкерлери менен баарлашты. Анда Жаманбаева биргелешкен ишмердүүлүк эки өлкөдө тең адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоону өнүктүрүүгө мындан ары да көмөктөшөрүн баса белгиледи.

“Заманбап чакырыктар жана дүйнөдөгү акыркы өзгөрүүлөр учурунда ачык жана конструктивдүү диалогду колдоо, тажрыйба алмашуу жана кызматташуунун натыйжалуу механизмдерин түзүү өзгөчө маанилүү”, - деди акыйкатчы.

Татьяна Москалькова адамдын негизги укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоодо укук коргоочу институттун ролун айтып өттү.

“Менин тыгыз кызматташтыкка өзгөчө баа берип өткүм келет. Бул алаканын натыйжасында эки өлкөнүн жарандарынын маселелерин түз, кыска убакытта чечип келе жатабыз. Биздин башкы максат – жолун таап ар бир адамдын укугун коргоо”, - дейт ал.

Протоколдо тараптар Кыргызстандын жана Россиянын билим берүү мекемелеринде жаштар менен жолугушууларды өткөрүүсү пландалган.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн укук коргоо институтунун кызматкерлери мониторинг, инспекция жүргүзүү, жарандардын кайрылууларын кароо боюнча тажрыйба алмашат. Ошондой эле мигранттардын укуктарын коргоо маселелери боюнча биргелешкен окууларды өткөрүү жана мигранттар арасында биргелешкен маалыматтык-агартуу ишин жүргүзүү каралган. Акыйкатчылар иш сапарлары учурунда мигранттарды чогуу кабыл алат.

Эске салсак, өткөн жылы Жамиля Жаманбаева менен Татьяна Москалькова Санкт-Петербург шаарында эмгек миграциясында жүргөн Кыргызстандын жарандарын кабыл алган.