Кыргызстан менен Россия маданий кызматташтыкты бекемдейт

Маданият 15 Сентябрь 2025 13:00
547484339_1086329076992181_916202865701525839_n.jpg
547814561_1086329103658845_7494429165421658209_n.jpg
548157198_1086329146992174_7799579457704708987_n.jpg
Алдыга
Артка
547484339_1086329076992181_916202865701525839_n.jpg
547814561_1086329103658845_7494429165421658209_n.jpg
548157198_1086329146992174_7799579457704708987_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. 13-сентябрда Кыргызстан менен Россиянын маданият министрлери Мирбек Мамбеталиев жана Ольга Любимова жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуу XI Бириккен маданияттар форумунун алкагында өтүп, анда тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыктын кеңири маселелерин, анын ичинде искусство, билим берүү, музей жана китепкана иши боюнча биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү, материалдык эмес маданий мурастарды сактоо жана жаштар демилгелерин колдоо маселелерин талкуулашты.

2024-жылдын октябрында өткөн Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрүнүн ийгилиги белгиленип, 2025-жылдын октябрь айынын аягында өтө турган Россиянын Кыргызстандагы Маданият күндөрүнө даярдыктын маанилүүлүгү баса белгиленди. Бул иш-чаралар эки өлкөнүн маданий диалогун чыңдоого маанилүү кадам болуп саналат.

Мамбеталиев 2028-жылы улуу жазуучунун 100 жылдык мааракесине карата Санкт-Петербург шаарында Чыңгыз Айтматовго эстелик орнотуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштап, анын дүйнөлүк адабияттагы ордун белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар театр жана кинематография тармагындагы демилгелерди колдоо, ошондой эле кыргызстандык чыгармачыл жамааттардын «Интервидение–2025» сыяктуу эл аралык долбоорлорго катышуусун талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар активдүү кызматташууну улантууга жана гуманитардык байланышка жаңы дем берүүгө даяр экендигин билдиришти.