Кыргызстан менен Россия эмгек мигранттарын биргелешип даярдайт

Коом Жүктөлүүдө... 15 Июль 2026 10:35
747948744_896780893482060_4738054229669459383_n.jpg
745503491_2773495253036755_6097542729997808383_n.jpg
746878660_2525241864583595_6931269570577440767_n.jpg
Алдыга
Артка
747948744_896780893482060_4738054229669459383_n.jpg
745503491_2773495253036755_6097542729997808383_n.jpg
746878660_2525241864583595_6931269570577440767_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Күн мурун Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунда Кыргызстан менен Россиянын өкүлдөрүнүн катышуусунда эмгек миграциясы жана адистерди даярдоо маселелери боюнча жолугушуу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда эмгек рыногунун талаптарына жооп берген квалификациялуу адистерди даярдоо, чет өлкөлөрдө ишке орношкон жарандардын кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана адистердин даярдык деңгээлин баалоо боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эмгек миграциясы, адистерди даярдоо жана квалификацияны таануу багыттарында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча эки тараптуу меморандумга кол коюшту.

Иш-чара Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте уюштурулуп, ага Россиянын жумуш берүүчүлөрүнүн, кадрлар жана жеке жумушка орноштуруу агенттиктеринин, "Улуттук ширетүүнү контролдоо агенттигинин", Россия өкмөтүнө караштуу Финансы университетинин, ошондой эле Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын жана уюмдарынын өкүлдөрү катышты.