Кыргызстан менен Россия адам укуктары жаатындагы кызматташтыгын бекемдөөдө

Коом 9 июль 2025 16:39
516035507_1054945723491146_446658212339195595_n.jpg
518286267_1054945750157810_3154612728386690353_n.jpg
514399031_1054945780157807_596250800052314374_n.jpg
516740152_1054945710157814_834485328083889700_n.jpg
517409363_1054945736824478_4973326350549587558_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Бүгүн башкы прокурор Максат Асаналиев менен Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькованын жолугушуусу өттү.

Прокуратурадан билдиришкендей, жолугушууга Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева да катышты.

Тараптар талкуу учурунда эки мамлекеттин көзөмөлдөө жана адам укуктарын коргоо институттарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Айрыкча, жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү, камакта кармоо шарттарына мониторинг жүргүзүү, ошондой эле мигранттарга укуктук жана гуманитардык жардам көрсөтүү кепилдиктерин күчөтүү маселелерине көңүл бурушту. Бул багытта адам укуктарын коргоо механизмдеринин алкагында кызматташуунун өзгөчө мааниси белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар туруктуу диалогду бекемдөөнүн, биргелешкен консультациялардын жана эки мамлекеттин жарандарынын укуктук корголушун камсыз кылуу боюнча аракеттерди координациялоонун зарылдыгын белгилешти.