Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу расмий түрдө эки мамлекет үчүн тең күчүнө кирди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул эл аралык келишимге былтыр 4-декабрда Исламабад шаарында президент Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон расмий сапарынын алкагында кол коюлган болчу.
Макулдашууну иштеп чыгуу жана мамлекеттик ички жол-жоболорду координациялоо иштерин Башкы прокуратура ишке ашырды.
Макулдашуунун негизги максаты соттолгон жарандарга жаза мөөнөтүн андан ары өз мекенинде өтөөгө укуктук негиз берет. Бул алардын үй-бүлөлүк байланыштарын сактоого жана коомго кайра интеграцияланышына шарт түзөт.
"Учурда Кыргызстандын жаза аткаруу мекемелеринде Пакистандын 18 жараны жазасын өтөп жатат. Эми алар белгиленген тартипте Пакистанга которулуу өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, ар бир келип түшкөн өтүнүч макулдашуунун талаптарына жана эки өлкөнүн улуттук мыйзамдарына ылайык өз-өзүнчө, кылдат каралат.
Башкы прокуратура кылмыш-жаза чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана жарандардын укуктарын коргоо багытындагы иштерди ырааттуу улантарын кошумчалады.