Кыргызстан менен Пакистан кызматташтыгынын жаңы барагы ачылды — экономист

Пикир Загрузка... 07 Июль 2026 14:55
6194b244-286a-4172-af68-b5a44d301532.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Буга чейинки он жылдыктарды эки өлкө арасындагы сүйлөшүүлөр андан ары жылбай калган учурлар болду. Пакистан менен Кыргызстандын башчыларынын бул жолугушуусу өз ара алакасынын жаңы барагы жана эки тарапка тең пайдалуу кызматташтыктын баштылышы. Мындай пикирин ОшМУнун бизнес паркынын директору, экономист Эрлан Камалов билдирди.

Экономист эки мамлекет эң алды соода-логистикалык кызматташтыкка өзгөчө басым жасашы керек деген пикирде. Өз кезегинде биздин өлкө эл аралык стратегиялык соода коридорлорунун Кыргызстан аркылуу өтүүсү үчүн болгон күч аракетин жумшоосу зарыл.

“Пакистандын дүйнөгө белгилүү Карачи порту аркылуу Инд океаны чыгууга чоң мүмкүнчүлүк ачылууда. Кургакта да Кыргызстандын Европага чейин чыгуусуна шарт түзүлүп жатат. Андыктан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан коридорунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңири колдонуу боюнча иштерди алып баруу зарыл”, - деди эксперт.

Эрлан Камалов Пакистан экономикасынын бир катар багыттары жана 250 миллиондон ашык калкы менен дүйнөдөгү чоң мамлекеттердин катарында турарын белгиледи. Пакистандык жогорку деңгээлдеги делегациянын кыргыз жергесине сапары, алардын Борбор Азиянын жана ЕАЭБдин рыногуна чыгуу үчүн жол издөө процесси.

“Мурдагы премьер-министр Беназир Бхутто, экс-президент Первез Мушарраф Кыргызстанга келип кетишкен. АтүгүлОш шаарын чейин сапар улап Сулайман-Тоодо зыярат кылышкан. Анткени менен сүйлөшүүлөр андан ары жылбай калган учурлар болду. Бул жолку жолугушуу өз ара кызматташуунун жаңы барагы жана эки тарапка тең пайдалуу болгон кызматташтыктын баштылышы”, - деп кошумчалады.

Ал Кыргызстандын бизнес коомчулугу Пакистандын айыл чарбасы өнүккөн мамлекет экенин эске алышы керектигин айтат. Бул өлкө азык-түлүк өндүрүшү боюнча дүйнөлүк мамлекеттердин катарында турат.

“Алыс барбай эле текстиль өнөр жайын алсак Пакистан дүйнөдө пахта өндүрүү боюнча эң алдынкы орундарда турган мамлекеттердин бири. Бул өлкө менен биргелешкен тигүү фабрикаларын ачып Евразиялык экономикалык бирликтин рыногуна экспорттоо боюнча иш алып барса болот. Ошондой эле аталган өлкөдөн фармацевтика, хирургиялык шаймандарды, спорттук товарларды импорттосо болот. Ал эми Кыргызстан өзүнүн экологиялык таза айыл чарба продуктуларын экспорттоо чараларын көрүшү керек”, - деп белгиледи ал.

Эксперт Пакистанда да Кытайдын таасири менен күн энергетикасы боюнча инвестициялык чоң долбоорлор иштеп жатканын эске алып,  ГЭСтерди куруу боюнча кызматташтыкты жолго койсок болот деген ойдо.

Ал эми учурдагы кызматташтыктын ийгиликтүү мисалы катары Пакистан менен билим экспортун өнүктүрүү иштерин атады. Мында илимий долбоорлорду, медициналык жана инженердик адистиктерди биргелешип даярдоо, кош диплом берүү программаларын өнүктүрүүзарыл.

“Билим берүү багытындагы мамилелерди күчөтүп, дагы да активдештирүү керек. ОшМУда пакистандык студенттер негизинен медицина багыты боюнча билим алышат. Окуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Пакистанда англис тили расмий тил болгондуктан окууда маселе жок”, - деди экономист.

Ал Кыргызстан менен Пакистан арасындагы окшоштуктар туурасында да пикир кошту. Эки өлкө тең диний жактан окшош. Бул жагынан кызматташтыкка тоскоолдук жок. Мындан сырткары демографиялык абал туруктуу жана экөөндө тең жаштар басымдуулук кылат. Бул жагдай эки өлкөнүн  экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү.