Кыргызстан менен Пакистан инвестициялык кызматташтыкты чыңдоодо

Экономика Загрузка... 29 Июль 2025 09:22
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon КР президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттик

Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Күн мурун Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи отуруму өттү. Бул тууралуу КР президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктен билдиришти.

Комиссиянын ишине агенттиктин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов катышты.

Ал өз сөзүндө Кыргызстандын инвестициялык потенциалы менен тааныштырып, чет элдик инвестиция үчүн артыкчылыктуу багыттарды – туризм, энергетика, айыл чарба, өнөр жай, транспорт жана логистиканы белгиледи. Мамлекеттик колдоо чараларына жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун негизги жыйынтыгы КР Улуттук инвестициялык агенттиги менен Пакистандын Инвестициялык кеңешинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу болду.

Документ эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө багытталган.

Жолугушууга катышуу кыргыз-пакистан экономикалык байланыштарын чыңдоодогу маанилүү кадам болуп, өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн жаңы перспективаларын ачты.