Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Оман Султандыгынын тышкы иштер министри Бадр Аль-Бусаиди менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелеринин башчылары кыргыз-оман кызматташтыгынын учурдагы маселелерин, ошондой эле БУУ жана Ислам кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы эки тараптуу өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле министрлер эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашышты. Тараптар бул кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү зарылдыгын белгилешип, жаңжалга тартылган тараптарды сабырдуулукка чакырышты.
"Сүйлөшүүнүн соңунда министрлер байланышта болуп турууну, кеңешмелерди улантууну жана ар кандай деңгээлдеги визиттерди уюштуруу аркылуу эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнү макулдашты",-деп айтылат министрликтин маалыматында.