Кыргызстан менен Монголиянын жеңил өнөр жай тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом Загрузка... 08 Июль 2025 14:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 08.07.25 /Кабар/. Кыргызстан менен Монголиянын текстиль өнөр жайы тармагындагы кызматташтыгы күчөтүлөт. Маселе бүгүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиевдин Монголияндан келген делегациясы менен жолугушуусунда талкууланды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда "Касиет" камволдук-ийрүү фабрикасын ишке киргизүү маселеси жана бул жааттагы эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар текстиль жана кайра иштетүү тармагындагы учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашып, бул багытта кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында долбоорду ишке ашыруунун техникалык, экономикалык жана уюштуруучулук аспектилерин биргелешип изилдөө боюнча макулдашууга жетишилди. Мындай кызматташтык демилгелери өнөр жайды өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, продукциянын кошумча наркын жогорулатууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана агроөнөр жай секторуна инвестиция тартуу багытындагы ишмердүүлүгүн улантат.