Кыргызстан менен Монголиянын шайлоо органдары тажрыйба алмашат

Коом 25 сентябрь 2026 13:00
Кыргызстан менен Монголиянын шайлоо органдары тажрыйба алмашат
copyright icon БШК

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаев Монголиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нэргуйн Мягмар менен жолукту.

Боршайкомдон билдиришкендей, жолугушуу 24-сентябрда Тимур Оторбаевдин Монголияга болгон иш сапарынын алкагында өттү.

Тараптар шайлоо процессинде тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн шайлоо органдарынын кызматташтыгын талкуулашты.

Оторбаев Монголиянын шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүн 2027-жылдын январында өтө турган Кыргызстандын президенттик шайлоосуна байкоочу катары катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Монголиянын шайлоо органдары 2015-жылы кол коюлган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун негизинде кызматташып келет.