Кыргызстан менен Монголия өз ара сооданы кеңейтүүнү макулдашты

Экономика Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 16:05
93842510-f00d-387b-b30c-9cbfb9bf518b.jpg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Айбек Молдогазиев Монголиянын вице-премьер-министри Нямтайширын Номтойбаяр менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, анда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүү маселелеси талкууланды.

Тараптар жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды жана Кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи жыйынынын чечимдерин ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

c44be020-7694-39d9-b0ed-ee16d8030c83

Жолугушууда ошондой эле 2026-жылдын 22-июлунда күчүнө кирген ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы Убактылуу соода келишиминин алкагында өз ара сооданы кеңейтүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү каралды. Кыргыз тарап ветеринардык жана фитосанитардык талаптарды ыкчам макулдашуу зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Монголиянын вице-премьер-министри Кыргызстан менен өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, кызматташууну практикалык деңгээлде илгерилетүүгө даяр экенин айтты.