Кыргызстан менен Монголия маалымат алмашууда кызматташат

Коом 21 июль 2025 13:31
522208459_24086931494261743_5248882936652893037_n.jpg
519554480_24086931620928397_6678407190153034855_n.jpg
514339043_24086931854261707_7461563646309540897_n.jpg
Алдыга
Артка
522208459_24086931494261743_5248882936652893037_n.jpg
519554480_24086931620928397_6678407190153034855_n.jpg
514339043_24086931854261707_7461563646309540897_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.07.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун расмий жолугушуу аземинин алкагында Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги менен Монголиянын "Монцамэ" улуттук агенттиги ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документке ылайык, тараптар эки өлкөнүн ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү жана үзгүлтүксүз маалымат алмашууну жолго коюуну көздөйт.

Анын ичинде, тараптар социалдык-экономикалык абал, бизнес, туризм, маданият, искусство жана тарых жаатындагы жаңылыктарды акысыз негизде бөлүшүшөт.

Меморандум ошондой эле журналисттердин өз ара иш сапарларын жана алмашуу программаларын уюштурууга шарт түзөт.

Меморандумга Кыргыз улуттук «Кабар» агенттигинин директору Медербек Шерметалиев жана «Монцамэ» агенттигинин башкы директору Энх-Орших Хурлээ кол коюшту.