Кыргызстан менен Монголия консулдук кызматташтыкты чыңдоодо

Саясат Загрузка... 05 Ноябрь 2025 11:07
WhatsApp Image 2025-11-05 at 10.43.53.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Содном Ганхуяг менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилешип, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун 2025-жылдын июлунда Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан жемиштүү иштерди баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча үзгүлтүксүз байланыштарды улантууну макулдашышты.