Кыргызстан менен Маврикий эл аралык деңгээлде бири-бирин колдоону улантат

Саясат Загрузка... 25 Декабрь 2025 09:50
1_JCGpLao.2e16d0ba..2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon ТИМ

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Маврикий Республикасынын тышкы иштер, аймактык интеграция жана эл аралык соода министри Жаханджай Рамфул менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы байланыштарды активдештирүү боюнча макулдашышты.

Көп тараптуу аянтчалардагы өз ара аракеттенүүгө жана бири-бирин колдоого өзгөчө көңүл бурулду. Министрлер жамааттык кызматташтык механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатууда макулдашылган аракеттердин маанилүүлүгүн тастыкташты.

Ошондой эле жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар менен алмашуу жөнүндө макулдашууга жетишилди.