Кыргызстан менен Мальдив БШК төрагалары тажрыйба алмашты

Шайлоо 28 Ноябрь 2025 10:07
589048613_1259927809510542_243374180617140230_n.jpg
589187553_1259927782843878_5961318336402960182_n.jpg
589218664_1259927879510535_7510098023579871430_n.jpg
589278326_1259927999510523_6166767849686225371_n.jpg
589766010_1259927936177196_1911198441760802241_n.jpg
Алдыга
Артка
589048613_1259927809510542_243374180617140230_n.jpg
589187553_1259927782843878_5961318336402960182_n.jpg
589218664_1259927879510535_7510098023579871430_n.jpg
589278326_1259927999510523_6166767849686225371_n.jpg
589766010_1259927936177196_1911198441760802241_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon БШК

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн келген Мальдив Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мохамед Захид менен жолукту.

БШКдан билдиришкендей, Мохамед Захид Кыргызстан жаш мамлекет болгонуна карабастан акыркы жылдары байкаларлык өнүгүүгө жетишкенин баса белгиледи. Алдыдагы шайлоонун Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү экенин айтып, анын ачык-айкын жана адилеттүү өтөрүнө ишенимин билдирди.

Тынчтык Шайназаров шайлоону жогорку деңгээлде уюштурууга бардык шарттар түзүлүп жатканын билдирди. Ал маектешин шайлоо реформасынын негизги багыттары менен тааныштырып, реформанын максаты – шайлоо процедураларын ачык жана ишенимдүү кылуу, ошондой эле жарандардын конституциялык укуктарын коргоо экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шайлоо процесстерин уюштурууга байланыштуу пикир алмашышты.

Жолугушуунун соңунда Мохамед Захид кыргыз тарапты 2026-жылдын апрель айында Мальдив мамлекетинде өтө турган жергиликтүү шайлоолорду байкоого чакырды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрга белгиленген.