Кыргызстан менен Малайзия туризм тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрөт

Экономика Загрузка... 26 Июнь 2025 10:14
photo_5395379583169_lGAWFUu.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Малайзияга расмий сапарынын алкагында Кыргызстан менен Малайзиянын өкмөттөрүнүн ортосунда туризм тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документке кыргыз тараптан экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков кол койду. Меморандумдун максаты эки өлкөнүн туризм жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүү жана өнүктүрүү болуп саналат. Ал тең укуктуулук, өз ара урматтоо жана пайда принциптерине негизделет.

Документке ылайык, эки өлкөнүн мамлекеттик туризм органдарынын жана туристтик уюмдарынын ортосунда узак мөөнөттүү кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулат.

Меморандумдун алкагында туризмдеги экономикалык байланыштарды бекемдөө, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга шарт түзүү, тажрыйба, маалымат алмашуу жана туристтик продукттарды илгерилетүү каралган.