Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Түндүк Македониянын тышкы иштер жана соода министринин орун басары Зоран Димитровски менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн мамилелерин активдештирүүгө кызыкдар экенин тастыктап, саясий диалогду, соода-экономикалык, парламенттер аралык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү белгилешти.
Алар эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда сапарлар менен алмашууга жана саясий консультацияларды өткөрүүгө даяр экендиктерин баса белгилешти.
Ошондой эле тараптар көп жактуу кызматташтык маселелерин талкуулап, эл аралык уюмдардын алкагында мындан ары өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.