Кыргызстан менен Люксембург финансылык чалгындоо чөйрөсүндө кызматташат

Экономика Загрузка... 08 Июль 2025 21:01
IMG-20250708-WA0024.jpg
copyright icon КР Финансылык чалгындоо кызматы

Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Күн мурун Люксембургда "Эгмонт" тобунун 31-пленардык жыйынынын алкагында Кыргызстандын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын делегациясы менен Люксембургдун Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн (ФЧБ) жана Люксембург Улуу герцогдугунун Юстиция министрлигинин өкүлдөрүнүн эки тараптуу жолугушуусу өттү.

Жолугушууга Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы К. Асангулов жана Люксембургдун ФЧБ башчысы Макс Браун баштаган өкүлдөрү катышты.

Сүйлөшүүлөр кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык өнөктөштүктү күчөтүү жөнүндө болуп, конструктивдүү жана ишенимдүү атмосферада өттү.

Негизги темалардын катарында тобокелдиктерге улуттук жана сектордук баа берүүнү жүргүзүү, стратегиялык талдоону өркүндөтүү, эл аралык стандарттарды киргизүү жана ФАТФтын сунуштамаларын колдонуу, ошондой эле ФЧБ ишине мыкты эл аралык тажрыйбаларды киргизүү болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документ кызматташууга, эксперттик билим алмашууга жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган демилгелерге биргелешип катышууга жалпы умтулууну бекемдеди.

Негизги темалардын катарында тобокелдиктерге улуттук жана сектордук баа берүүнү жүргүзүү, стратегиялык талдоону өркүндөтүү, эл аралык стандарттарды киргизүү жана ФАТФтын сунуштамаларын колдонуу, ошондой эле ФЧБ ишине мыкты эл аралык тажрыйбаларды киргизүү болду. эки өлкөнүн финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Соңунда тараптар финансылык коопсуздук чөйрөсүндөгү глобалдуу коркунучтарга каршы турууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана активдүү диалогго даяр экендигин билдиришти.